# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 16-июнунун № 72 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө" Декретине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 16-июнунун № 72 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө" Декретине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202823>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-59/edition/692414/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202823.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 16-июнунун № 72 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө" Декретине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Декрети (16.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202823

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 16-июну УӨ №72

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын

21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму

(жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө" Декретине

өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жарандардын референдумга катышууга укуктарына гарантияны камсыздоо

максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-апрелинин

7-апрелиндеги №1 Декретине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Убакты-

луу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апре-

линдеги №20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш

берүү) жөнүндө" Декрети менен бекитилген 2010-жылдын 27-июнуна белги-

ленген Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү)

өткөрүүнүн Убактылуу тартибине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Референдум Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өткөрүлөт.

Референдум Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында киргизилген со-

гуштук абалдын же өзгөчө абалдын шарттарында өткөрүлбөйт.

Эгерде өзгөчө абал айрым жерлерде киргизилген болсо, референдум

анда референдумга катышуучулардын тизмесине киргизилген жана ошол жер-

лердин аймагында жашаган жарандардын саны Кыргыз Республикасынын рефе-

рендумга катышуучулардын тизмесине киргизилген жарандарынын жарымынан

азын түзгөн шартта өткөрүлөт.".

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясы өзүнүн чечимдерин ушул Декретке ылайык келтирсин.

3. Бул Декрет жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
