# КР УО 2010-жылдын 21-июнунун № 78 "Манас Аэрофьюэлс" жабык акционердик коомунун май куюу комплексин мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 21-июнунун № 78 "Манас Аэрофьюэлс" жабык акционердик коомунун май куюу комплексин мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202822>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-58/edition/692428/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202822.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 21-июнунун № 78 "Манас Аэрофьюэлс" жабык акционердик коомунун май куюу комплексин мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети (21.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202822

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 21-июну УӨ №78

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

"Манас Аэрофьюэлс" жабык акционердик коомунун

май куюу комплексин мамлекеттештирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 15-ию-

нундагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу

Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-

ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. "Манас Аэрофьюэлс" жабык акционердик коому "Аалам сервис" жооп-

керчилиги чектелген коомунан сатып алган жана "Манас Аэрофьюэлс" жабык

акционердик коому менен "Аалам сервис" жоопкерчилиги чектелген коомунун

ортосунда 2009-жылдын 12-июнунда түзүлгөн сатуу-сатып алуу келишиминин

1-тиркемесинде көрсөтүлгөн мүлктөн турган май куюучу комплекс Кыргыз

Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине ылайык мамлекет-

тештирилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги май куюучу

комплекстин (мындан ары - МКК) мамлекеттештирилгенине байланыштуу:

- МККны "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын балан-

сына алууну-өткөрүүнү камсыздасын;

- "Манас Аэрофьюэлс" жабык акционердик коомуна ММКны алуу үчүн

төлөгөн акча каражатын мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүп калуу ме-

нен кайра берсин;

- ММКны мамлекеттештирүүдөн келип чыгуучу башка маселелерди чеч-

син.

3. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине тапшырылсын.

4. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
