# Кыргыз Репсубликасынын УО 2010-жылдын 17-июнунун № 73 " 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Репсубликасынын УО 2010-жылдын 17-июнунун № 73 " 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202821>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-57/edition/692416/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202821.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Репсубликасынын УО 2010-жылдын 17-июнунун № 73 " 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Декрети (17.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202821

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 17-июну УӨ №73

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын

референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине

өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апре-

линдеги № 20 Декрети менен бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган

Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнү)

өткөрүүнүн Убактылуу тартибине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

7-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"7. Добуш берүү күнүнө 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жа-

рандары референдумдун катышуучусунун өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти,

ал эми референдумдун катышуучусу тизмеден чыгаруу күбөлүгү боюнча добуш

берген учурда тизмеден чыгаруу күбөлүгүн көрсөткөндө референдумга каты-

шууга укуктуу.

Мында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-картасы) же

аны алмаштыруучу документ референдумдун катышуучусунун өздүгүн ырастоо-

чу документ болуп саналат. Паспортту алмаштыруучу документке Кыргыз

Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, анык аскердик кызматтын офи-

церинин күбөлүгү, мөөнөттүк кызматтын аскер кызматчысынын аскердик би-

лети, пенсиялык күбөлүк жана айдоочунун күбөлүгү кирет.".

2. Ушул Декрет жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
