# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 19-июнунун № 74 "Автотранспорт каражаттарды мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 19-июнунун № 74 "Автотранспорт каражаттарды мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202820>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-56/edition/692418/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202820.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 19-июнунун № 74 "Автотранспорт каражаттарды мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети (19.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202820

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 19-июну УӨ № 74

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Автотранспорт каражаттарды мамлекеттештирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Бакиевдердин

үй-бүлөсүнө таандык автотранспорт каражаттарды тапканына байланыштуу

жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелин-

деги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул

Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине

ылайык БМВ-750LI Win соdе WВАKВ 810449СY52201, Лексус-LX570 Win соdе

JТSNOOW294028398, Лексус-RХ33О 3МZ 4161824, Мерседес-Бенц G500 Win соde

WAB4632481X162400, Шевроле Субурбан Ls WIN соdе IGNFK163X9J110614, мар-

каларындагы автомашиналар, бардыгы беш автомашина мамлекеттештирилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы төмөнкүдөй

маркалардагы автомашиналарды балансына алсын:

- Мерседес-Бенц G500 Win соdе WAB4632481X162400;

- Шевроле Субурбан LS Win соdе IGNFK163X9J110614;

- Лексус-LX570 Win соdе JТSNYOOW294028398.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы төмөнкүдөй маркалар-

дагы автомашиналарды балансына алсын:

- БМВ-750LI Win соdе WABАКВ 810449СҮ52201;

- Лексус-RХ33О 3МZ 4161824.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана Кыргыз

Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Декреттин 1-пунктунда аталган

автотранспорт каражаттарды мамлекеттештирүүдөн келип чыгуучу маселелер-

ди чечишсин.

5. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

6. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
