# КР УО 2010-жылдын 24-июнунун № 81 "2010-жылдын 21-апрелиндеги №20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине толуктоо киргизүү тууралуу" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 24-июнунун № 81 "2010-жылдын 21-апрелиндеги №20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине толуктоо киргизүү тууралуу" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 24.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202816>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-52/edition/692434/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202816.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 24-июнунун № 81 "2010-жылдын 21-апрелиндеги №20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине толуктоо киргизүү тууралуу" Декрети (24.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202816

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 24-июну УӨ № 81

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

2010-жылдын 21-апрелиндеги №20 "Кыргыз Республикасынын

референдуму (жалпы элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине толуктоо

киргизүү тууралуу

Республиканын түштүгүндө болгон кайгылуу окуяларды эске алып, до-

буш берүү күнүндө коомдук коопсуздукту жана жарандардын референдумга

катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республи-

касынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылын 7-апрелиндеги № 1 Декретин же-

текчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти

кабыл алат:

1. 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын рефе-

рендуму (жалпы элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Декрети менен бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна да-

йындалган Кыргыз Республикасынын Референдумун (жалпы элдик добуш

берүүсүн) өткөрүүнүн убактылуу тартибине төмөнкү толуктоо киргизилсин:

8-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Жарандар өздөрү жашаган же убактылуу жүргөн жери боюнча добуш

берүү үчүн жайдан сырткары добуш берүүгө укуктуу. Референдумдун тие-

шелүү комиссиялары жарандарга добуш берүү үчүн жайдан сырткары добуш

берүүгө мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга милдеттүү. Добуш берүү үчүн жайдан

сырткары добуш берүү жөнүндө чечим жергиликтүү мамлекеттик администра-

циянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сунушу боюнча рефе-

рендумдун тиешелүү комиссиясы тарабынан кабыл алынат.".

2. Кыргыз Республикасынын Шайлооо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясы өз чечимдерин ушул Декретке ылайык келтирсин.

3. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
