# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 3-июнунун № 61 "Петрол Групп" жоопкерчилиги чектелген коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 3-июнунун № 61 "Петрол Групп" жоопкерчилиги чектелген коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202813>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-50/edition/692383/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202813.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 3-июнунун № 61 "Петрол Групп" жоопкерчилиги чектелген коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети (03.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202813

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 3-июну УӨ № 61

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

"Петрол Групп" жоопкерчилиги чектелген коомун

мамлекеттештирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 26-апре-

линдеги сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу

Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-

ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине

ылайык "Петрол Групп" жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - "Пет-

рол Групп" ЖЧКсы) мамлекеттештирилсин.

2. "Петрол Групп" ЖЧКсын мамлекеттештирүүгө байланыштуу Кыргыз

Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:

- "Петрол Групп" ЖЧКсынын мүлкүнүн сакталышын камсыз кылсын;

- "Петрол Групп" ЖЧКсынын башкаруу органдарын белгиленген тартипте

дайындасын;

- "Петрол Групп" ЖЧКсын мамлекеттик кайрадан каттоону жүргүзсүн;

- "Петрол Групп" ЖЧКсын мамлекеттештирүүдөн келип чыккан башка ма-

селелерди чечсин.

3. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
