# КР УО 2010-жылдын 3-июнунун № 60 "Ташкөмүр" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 3-июнунун № 60 "Ташкөмүр" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202812>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-49/edition/842699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202812.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 3-июнунун № 60 "Ташкөмүр" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети (28.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202812

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 3-июну УӨ № 60

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

"Ташкөмүр" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102, 2010-жылдын 28-сентябрындагы УӨ № 130 Декреттеринин редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 1-майын- дагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб- ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. "Ташкөмүр" жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары

"Ташкөмүр" ЖчКсы") үлүшүнүн жаран К.Ысмаилов тарабынан сатып алынган 96,944 проценти мамлекеттештирилсин. (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102, 2010-жылдын 28-сентябрындагы УӨ № 130 декреттеринин редакцияларына ылайык)

2. "Ташкөмүр" ЖчКсынын үлүшүнүн 96,944 процентин мамлекеттеш-

тирүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:

- "Ташкөмүр" ЖчКсынын активдеринин сакталышын камсыз кылсын;

- "Ташкөмүр" ЖчКсынын башкаруу органдарын белгиленген тартипте

дайындасын;

- жаран К.Ысмаиловдун "Ташкөмүр" ЖчКсы" акцияларына мыйзамсыз ээлик

кылышынын кесепетинен мамлекетке келтирилген чыгымдарды эсептөөнү жүргүзсүн;

- жаран К.Ысмаиловго "Ташкөмүр" ЖчКсынын акцияларынын пакети үчүн

төлөнгөн акча каражатын мамлекетке келтирилген чыгымдарды кармап калуу менен кайра берсин. (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы УӨ № 130 декретинин редакциясына ылайык)

3. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл

чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн. (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы N 11-р чечими

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
