# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 3-июнунун № 59 "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун кичи терминалын мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 3-июнунун № 59 "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун кичи терминалын мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202811>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-48/edition/692374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202811.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 3-июнунун № 59 "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун кичи терминалын мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети (03.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202811

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 3-июну УӨ №59

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун

кичи терминалын мамлекеттештирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 28-апре-

линдеги сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу

Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-

ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине

ылайык "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун (мындан

ары - "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы) кичи терминалы перрону жана

аянты 12,40 га жер участогу менен бирге мамлекеттештирилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо

кызматы мамлекеттештирилүүчү жер участогу үчүн "Манас" эл аралык аэро-

порту" ААКына берилген жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамле-

кеттик актыны жокко чыгарсын.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Манас" аэ-

ропортунун кичи терминалынын мамлекеттештирилишине байланыштуу:

- кичи терминалды перрону жана жер участогу менен бирге Кыргыз

Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Авиация депар-

таментинин балансына кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын;

- "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсына жер участогун мыйзамсыз

өткөрүп берүүнүн кесепетинен мамлекетке келтирилген чыгымдарды

эсептөөнү жүргүзсүн;

- "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсына перрону жана жер участогу

менен бирге кичи терминал үчүн төлөнгөн акча каражаттарын мамлекетке

келтирилген чыгымдарды кармап калуу менен кайра берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-

рлиги кичи терминалды, кичи перронду жана жанаша аймакты реконструкция-

лоону аяктоону камсыз кылсын.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №

666 "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын жана кичи перронун

өткөрүп берүү жана оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө"

токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №

666 "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын жана кичи перронун

өткөрүп берүү жана оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө"

токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 10-июлундагы № 370 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №

666 "Манас" эл аралык аэропортунун кичи терминалын жана кичи перронун

өткөрүп берүү жана оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө"

токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 29-декабрындагы № 729 токтому.

4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
