# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 3-июнунун № 58 "Бишкектеги ликер-арак заводу" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 3-июнунун № 58 "Бишкектеги ликер-арак заводу" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202810>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-47/edition/692370/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202810.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 3-июнунун № 58 "Бишкектеги ликер-арак заводу" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети (28.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202810

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 3-июну УӨ № 58

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

"Бишкектеги ликер-арак заводу" ачык акционердик коомун

мамлекеттештирүү жөнүндө

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102, 2010-жылдын 28-сентябрындагы УӨ № 130

Декретинин редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 26-апре-

линдеги сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу

Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-

ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. "Бишкектеги ликер-арак заводу" ачык акционердик коомунун

акцияларынын 70,12 процентин (мындан ары - "Бишкектеги ликер - арак

заводу" ААКсы) мамлекеттештирилсин.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102, 2010-жылдын 28-сентябрындагы УӨ № 130 декреттеринин редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Бишкектеги

ликер-арак заводу" коомунун акцияларынын 70,12 процентин мамлекеттеш- тирүүгө байланыштуу:

- "Бишкектеги ликер-арак заводу" ААКсынын активдеринин сакталышын

камсыз кылсын;

- "Бишкектеги ликер - арак заводу" ААКсынын башкаруу органдарын

белгиленген тартипте дайындасын;

- "Бишкектеги ликер-арак заводу" коомунун акцияларынын 70,12 процентин

мамлекеттештирүүдөн келип чыгуучу башка маселелерди чечсин. (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы УӨ № 130 декретинин редакциясына ылайык)

3. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл

чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн. (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
