# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 3-июнунун № 57 "Чатыр-Көл" кинотеатрын мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 3-июнунун № 57 "Чатыр-Көл" кинотеатрын мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202809>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-46/edition/692365/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202809.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 3-июнунун № 57 "Чатыр-Көл" кинотеатрын мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети (19.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202809

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 3-июну УӨ № 57

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

"Чатыр-Көл" кинотеатрын мамлекеттештирүү жөнүндө

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 Декретинин редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 1-майын-

дагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу

Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-

ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 2/1 дареги боюнча жайгашкан

"Чатыр-Көл" кинотеатры мамлекеттештирилсин.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)

2. "Чатыр-Көл" кинотеатрын мамлекеттештирүүгө байланыштуу Кыргыз

Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:

- "Чатыр-Көл" кинотеатрын Кыргыз Республикасынын Маданият минист-

рлигинин балансына өткөрүп берүүнү камсыз кылсын;

- "Чатыр-Көл" кинотеатрын мыйзамсыз сатуунун кесепетинен мамлекет-

ке келтирилген чыгымдарды эсептесин;

- жаран А.М.Швайденкого "Чатыр-Көл" кинотеатры үчүн төлөнгөн акча

каражатын мамлекетке келтирилген чыгымдарды кармап калуу менен кайра

берсин.

3. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл

чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана

тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102

декретинин редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
