# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 7-июнунун № 56 " "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 7-июнунун № 56 " "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202808>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-45/edition/692387/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202808.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 7-июнунун № 56 " "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети (01.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202808

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 7-июну УӨ № 56

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

"АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомун

мамлекеттештирүү жөнүндө

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 91 Декретинин редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 3-пунктунун

негизинде, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-ап-

релиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, ошондой эле банктык жана

төлөм системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу, коомдогу социалдык

чыњалууну болтурбоо, аманатчылардын жана кредиторлордун кызыкчылыгында

активдерди сактоо, "АзияУниверсалБанк" ачык акционердик коомунун (мын-

дан ары - "АзияУниверсалБанк" ААКы) финансылык абалынын начарлоосуна

бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Дек-

ретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине

ылайык "АзияУниверсалБанк" ААКынын акциялары мамлекеттештирилсин.

1-1. Ушул Декреттин негизинде "АзияУниверсалБанк" ААКынын консер-

ватору жана акционерлеринин реестринин кармоочусу "АзияУниверсалБанк"

ААКынын акционерлеринин реестринде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик

мүлк министрлигинин өздүк эсебин ачсын жана ушул өздүк эсепке

"АзияУниверсалБанк" ААКынын бардык акционерлерине таандык акцияларды

которсун.

(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 91 декретинин редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасы-

нын Финансы министрлиги "АзияУниверсалБанк" ААКын реабилитациялоо менен

байланышкан иш-чаралардын планын бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республи-

касынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин, анда аманатчылардын

алдындагы милдеттенмелерди аткаруу каралсын.

3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү жана Кыргыз Республика-

сынын Улуттук банкы зарыл болгон учурда "АзияУниверсалБанк" ААКына мый-

замда белгиленген тартипте финансылык колдоо көрсөтсүн.

4. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
