# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-майынын № 51 "Достук" эс алуу үйүн мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-майынын № 51 "Достук" эс алуу үйүн мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202807>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-44/edition/692362/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202807.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-майынын № 51 "Достук" эс алуу үйүн мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети (20.05.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202807

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 20-майы УӨ № 51

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

"Достук" эс алуу үйүн мамлекеттештирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 15-ма-

йындагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу

Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-

ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине

ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгаш-

кан жана "I.D.S.Group" жоопкерчилиги чектелген коомуна таризделген,

аянты 6,5 га жер участогу менен бирге "Достук" эс алуу үйү мамлекеттеш-

тирилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо

кызматы:

- жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жок-

ко чыгарсын;

- "Достук" эс алуу үйүнүн аймагына мыйзамсыз киргизилген аянты

8,41 га жер участогун Бостери айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:

- "Достук" эс алуу үйүн жанаша жаткан аянты 6,5 га жер участогу

менен бирге балансына кабыл алсын;

- "Достук" эс алуу үйүнүн мүлкүнүн сакталышын камсыз кылсын.

4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
