# Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 20-майынын № 46 ""Санвей" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун мамлекеттешттирүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 20-майынын № 46 ""Санвей" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун мамлекеттешттирүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202802>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-39/edition/683995/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202802.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 20-майынын № 46 ""Санвей" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун мамлекеттешттирүү жөнүндө" Декрети (20.05.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202802

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 20-майы УӨ № 46

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

"Санвей" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун

мамлекеттешттирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 7-майын-

дагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу

Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-

ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине

ылайык, Чолпон-Ата шаар башкармасынын аймагында жайгашкан жана "Санвей"

жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары - "Санвей" ЖЧКсы) тариздел-

ген, аянты 4,91 га жер участогу мамлекеттештирилген.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо

кызматы мамлекеттештирилүүчү жер участогу үчүн "Санвей" ЖЧКсына берил-

ген жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жокко

чыгарсын.

3. Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын -

губернаторунун милдетин аткаруучу:

- мамлекеттештирилүүчү жер участогун мамлекеттик менчикке которуу-

ну камсыз кылсын;

- "Санвей" ЖЧКсына жер участогун мыйзамсыз берүүнүн кесепетинен

мамлекетке келтирилген чыгымдарды эсептөөнү жүргүзсүн;

- "Санвей" ЖЧКсына жер участогу үчүн төлөнгөн акча каражатын мам-

лекетке келтирилген чыгымдарды кармап калуу менен кайра берсин.

4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
