# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-майынын № 45 "Терра-Нова" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-майынын № 45 "Терра-Нова" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202801>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-38/edition/683993/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202801.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-майынын № 45 "Терра-Нова" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети (20.05.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202801

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 20-майы УӨ № 45

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

"Терра-Нова" жоопкерчилиги чектелген коомунун жер

участогун мамлекеттештирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 7-майын-

дагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу

Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-

ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине

ылайык, Чолпон-Ата шаар башкармасынын аймагында жайгашкан жана "Тер-

ра-Нова" жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары - "Терра-Нова"

ЖЧКсы) таризделген, аянты 4,73 га жер участогу мамлекеттештирилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо

кызматы мамлекеттештирилүүчү жер участогу үчүн "Терра-Нова" ЖЧКсына бе-

рилген жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жок-

ко чыгарсын.

3. Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - гу-

бернаторунун милдетин аткаруучу:

- мамлекеттештирилүүчү жер участогун мамлекеттик менчикке которуу-

ну камсыз кылсын;

- "Терра-Нова" ЖЧКсына жер участогун мыйзамсыз өткөрүп берүүнүн

кесепетинен мамлекетке келтирилген чыгымдарды эсептесин;

- "Терра-Нова" ЖЧКсына жер участогу үчүн төлөнгөн акча каражатын

мамлекетке келтирилген чыгымдарды кармап калуу менен кайра берсин.

4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
