# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-майынын № 44 ""Альфа телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 49 процентин мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-майынын № 44 ""Альфа телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 49 процентин мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202800>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-37/edition/683991/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202800.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 20-майынын № 44 ""Альфа телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 49 процентин мамлекеттештирүү жөнүндө" Декрети (20.05.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202800

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 20-майы УӨ № 44

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

"Альфа телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын

49 процентин мамлекеттештирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 27-апре-

линдеги сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу

Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-

ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине

ылайык "Альфа телеком" жабык акционердик коомунун (мындан ары - "Альфа

телеком" ЖАКы) акцияларынын 49 проценти мамлекеттештирилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Альфа те-

леком" ЖАКынын акцияларынын 49 проценти мамлекеттештирилгенине байла-

ныштуу:

- "Альфа телеком" ЖАКынын акционерлеринин жалпы чогулушун

өткөрүүнү демилге кылсын;

- "Альфа телеком" ЖАКынын жањы уюштуруу документтерин бекитсин жа-

на кайрадан каттоону жүргүзсүн;

- "Мегаком" мобилдүү байланышынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кыл-

сын;

- "Альфа телеком" ЖАКынын акцияларынын 49 процентин мамлекеттеш-

тирүүдөн келип чыккан башка маселелерди чечсин.

3. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
