# Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 27-майынын № 53 "2010 -жылдын 21-анрелиндегн УО №20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш беруу) жвнупде" Кыргыз Реемубликпсынын Убактылуу Окметунун Декретине толуктоодор жаия озгортуу кнр| нзуутууралуу" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 27-майынын № 53 "2010 -жылдын 21-анрелиндегн УО №20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш беруу) жвнупде" Кыргыз Реемубликпсынын Убактылуу Окметунун Декретине толуктоодор жаия озгортуу кнр| нзуутууралуу" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202798>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-35/edition/684019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202798.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 27-майынын № 53 "2010 -жылдын 21-анрелиндегн УО №20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш беруу) жвнупде" Кыргыз Реемубликпсынын Убактылуу Окметунун Декретине толуктоодор жаия озгортуу кнр| нзуутууралуу" Декрети (27.05.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202798

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

2010-жылдын 27-майы УӨ № 53

2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан маселелерди укуктук жактан регламенттөө максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги УӨ № 1 Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 20 Декрети менен бекитилген 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү) өткөрүүнүн убактылуу тартибине төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1) төмөнкү мазмундагы 5-1, 5-2 жана 5-3-пункттар менен толукталсын:

"5-1. Референдумдун катышуучуларынын жалпы санын негизги жана кошумча тизмеге киргизилүү менен референдумга катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт. 5-2. Жашаган жери боюнча катталууну эсепке алуучу органдын катталуу белгиси бар, бирок туруктуу жашаган жеринен башка жерге же чет өлкөлүк мамлекетке жашаган жери боюнча катталуу эсебинен чыкпастан убактылуу кетип калган Кыргыз Республикасынын жарандары референдумдун тиешелүү участоктук комиссиялары тарабынан туугандарынын (жубайларынын, ата-энелеринин, балдарынын, ага-инилеринин, эже-карындаштарынын жана эже-сиңдилеринин) белгиленген формада берилүүчү жазуу жүзүндөгү билдирмелеринин (№ 1 тиркеме) негизинде катталуу эсебинин орду боюнча референдумдун катышуучуларынын негизги тизмесинен алынып салынат. Референдумдун катышуучуларынын негизги тизмесинен алынып салынууга тийиш болгон жарандар жөнүндө маалыматтар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын жетекчилери тарабынан түзүлөт жана кол коюлуу менен референдумдун тиешелүү участоктук комиссиясына берилет. 5-3. Негизги тизмеден алынып салынган Кыргыз Республикасынын жараны добуш берүү үчүн референдумдун участоктук комиссиясынын жайына добуш берүү күнүндө өзү келгенде референдумдун катышуучуларынын кошумча тизмесине киргизилет.";

2) 42-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"42. Референдум (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүдө референдумдун комиссиялары "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине, ошондой эле ушул Убактылуу тартипке каршы келбеген бөлүгүндө жетекчиликке алынат. Ушул убактылуу тартип Референдумдун борбордук комиссиясы тарабынан 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (жалпы элдик добуш берүүсүнүн) добуш берүүсүнүн жыйынтыктары расмий жарыяланганга чейин колдонулат.".

2. Ушул Декрет жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р. Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-майындагы УӨ № 53 декретине карата № 1 тиркеме

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (референдумдун участоктук комиссиясынын аталышы) референдумдун участоктук комиссиясынын Төрагасына \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (билдирүүчүнүн аты-жөнү)

БИЛДИРМЕ

Мен, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (область, шаар, район (айыл), көчө, үй, кв.) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ дареги боюнча катталган менин (жубайым, атам, энем, уулум, кызым, агам, иним, эжем, карындашым, сиңдим, чоң энем, таенем, чоң атам, таятам, неберем, жээним) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (тийиштүүсүнүн асты чийилет) зарылчылыкка жараша башкача \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тууганчылыгы билдирилет \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (жакын тууганынын аты-жөнү) жашаган жеринен 20\_\_-жылдын \_\_-\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ тартып башка жерге (чыгып кеткен күнү, айы, жылы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (областтын, шаардын, райондун (айылдын), көчөнүн, үйдүн, квартиранын аталышы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ чет өлкөлүк мамлекетке (чет өлкөлүк мамлекеттин аты, жашаган дареги) чыгып кеткендигин жана жашаган жерине 20\_\_-жылдын \_\_-\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (келээр күнү, айы, жылы) эрте кайтып келбестигин билдирем.

2010-жылдын \_\_\_-\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (күнү) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (колу)
