# КР УО 2010-жылдын 19-майынын № 39 "Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 19-майынын № 39 "Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202793>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-31/edition/457050/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202793.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 19-майынын № 39 "Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө" Декрети (19.05.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202793

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 19-майы УӨ N 39

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө

1. Кыргыз Республикасынын жањы Конституциясына ылайык Кыргыз Рес-

публикасынын жањы Президенти кызматына киришкенге чейин Кыргыз Респуб-

ликасынын өткөөл мезгилдеги Президентинин кызматы киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын

мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президенти 2011-жылдын шайлоосунда Кыр-

гыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлигин коюуга укук-

суз экендиги белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Роза Иса-

ковна Отунбаевага Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти-

нин ыйгарым укуктары таандык кылынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Президенти:

Кыргыз Республикасынын жањы Конституциясына ылайык шайланган жањы

чакырылыштагы Жогорку Кењештин биринчи жыйналышына чейин "Кыргыз Рес-

публикасынын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" 2007-жылдын

23-октябрындагы N 157 Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баяндалган Кыр-

гыз Республикасынын Конституциясы менен каралган Кыргыз Республикасынын

Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;

жањы чакырылыштагы Жогорку Кењештин биринчи жыйналышы башталган

күндөн тартып Кыргыз Республикасынын жањы Конституциясы менен каралган

Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;

Кыргыз Республикасынын жањы Конституциясына ылайык Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү түзүлгөнгө чейин "Кыргыз Республикасынын Конституция-

сынын жањы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баян-

далган 2007-жылдын 23-октябрындагы N 157 Кыргыз Республикасынын Консти-

туциясы менен каралган Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйга-

рым укуктарын жүзөгө ашырат.

6. Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти саясий пар-

тияда турууга укуксуз, саясий бейтараптыкты сактоого жана кандай гана

болбосун саясий партияларды колдоого байланышкан ар кандай аракеттерди

жасоодон өзүн токтотууга милдеттүү.

7. Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти Кыргыз Рес-

публикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

депутаттарын шайлоону эркин, ак ниет жана ачык айкын өткөрүүнү камсыз

кылууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
