# КР УО 2010-жылдын 17-майынын № 37 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 17-майынын № 37 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.05.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202788>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-27/edition/457046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202788.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.05.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 17-майынын № 37 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Декрети (17.05.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202788

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 17-майы УӨ № 37

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн

айрым декреттерине өзгөртүүлөр жана

толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бор-

бордук комиссиясына байланышкан маселелерди укуктук регламенттөө макса-

тында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апре-

линдеги УӨ № 1 Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убак-

тылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. 2010-жылдын 7-апрелиндеги УӨ № 1 Кыргыз Республикасынын Убакты-

луу Өкмөтүнүн Декретине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

5-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"5. 2008-жылы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референ-

дум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын курамынын ыйгарым укуктары

мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселелери боюнча

референдумду (жалпы элдик добуш берүү), Кыргыз Республикасынын Прези-

дентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын

мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде саясый парти-

ялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Кыргыз Республикасы-

нын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жањы

курамы түзүлсүн.".

2. 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 19 "Кыргыз Республикасынын Шай-

лоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине төмөнкү өзгөртүүлөр жана

толуктоо киргизилсин:

- Декреттин аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча ар башка

жөндөмөлөрдөгү "Убактылуу" деген сөз алып салынсын;

- преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутат-

тарын шайлоону" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентин жана

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда

шайлоону" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясынын жањы курамы Кыргыз Республикасынын Конституция-

сын кабыл алуу боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүү), Кыргыз

Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан түзүлөөрү белгилен-

син.";

- 2, 4 жана 6-пункттардын колдонулушу жокко чыгарылып, алар ушул

Декрет күчүнө кирген учурдан тартып күчүн жоготту деп табылсын;

- 2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясынын курамы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү

тарабынан IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине де-

путаттарды шайлоодо шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган сегиз саясый

партиянын, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайло-

очулардын добуштарын бөлүштүрүүгө катышкан саясый партиялардын жана же-

ти бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын мүчөлөрүнөн

(чечүүчү добушка укуктуу) түзүлөт. Убактылуу Өкмөт тарабынан Кыргыз

Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комис-

сиясына эл аралык уюмдардан, 6 мүчөдөн көп эмес комиссиянын мүчөлөрү

(кењеш берүүчү добушка укуктуу) дайындалышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бор-

бордук комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү

тарабынан дайындалат.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бор-

бордук комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсүнүн ыйгарым укуктары

мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда Кыргыз Республикасынын Убактылуу

Өкмөтү чыгып калгандын ордуна комиссиянын жањы мүчөсүн дайындайт.";

- 3-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик

добуш берүү), Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республи-

касынын Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону

өткөрүүдө "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын конституциялык Мыйзамынын, Кыргыз Республикасындагы шайлоо

жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, "Кыргыз Республикасынын Шай-

лоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Убактылуу

Өкмөтүнүн укуктук ченемдик актыларына каршы келбеген бөлүгүндө жетекчи-

ликке алсын.";

- 5-пункт 4-пункт деп эсептелсин;

- төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо-

ну дайындаганга чейин областтык, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо жана ре-

ферендум өткөрүү боюнча комиссияларынын жањы курамын түзсүн.";

- 6-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"6. Ушул Декрет жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет жана Кыр-

гыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселелери боюнча рефе-

рендумду (жалпы элдик добуш берүү), Кыргыз Республикасынын Президентин

жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарын мөөнөтүнөн

мурда шайлоону өткөрүү мезгилинде колдонууда болот.".

3. 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 20 "Кыргыз Республикасынын ре-

ферендуму (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункттагы "Убактылуу" деген сөз алып салынсын;

- жогорудагы Декрет менен бекитилген Кыргыз Республикасынын рефе-

рендумун (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнүн Убактылуу тартибиндеги

Декреттин бүткүл тексти боюнча ар башка жөндөмөлөрдөгү "Убактылуу" де-

ген сөз алып салынсын.

4. 2010-жылдын 30-апрелиндеги УӨ № 27 "Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги УӨ № 19 "Кыргыз Респуб-

ликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук ко-

миссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Декрети күчүн жоготту

деп табылсын.

5. Ушул Декреттин 1-пунктунун ченемдерин албаганда, ушул Декрет

жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Ушул Декреттин 1-пунктунун ченемдери Кыргыз Республикасынын Убак-

тылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги УӨ № 1 Декрети күчүнө кирген

учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
