# КР УО 2010-жылдын 7-майынын № 33 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фонду жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 7-майынын № 33 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фонду жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202784>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-23/edition/457037/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202784.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 7-майынын № 33 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фонду жөнүндө" Декрети (30.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202784

---

КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сетябрындагы УӨ № 131 Декретине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары

2010-жылдын 7-майы УӨ № 33

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фонду жөнүндө

Экономикалык, социалдык-маданий жана башка иш-чаралар боюнча

күтүлбөгөн чыгымдарды оперативдүү каржылоо максатында Кыргыз Республи-

касынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. 2010-жылдын бюджетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин ре-

зервдик фонду үчүн каралган каражаттардын эсебинен 160000000 (жүз алты-

мыш миллион) сом суммасында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн

фонду түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунун каражатта-

рын чыгымдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын же

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун ба-

сарынын буйруктарына ылайык ишке ашырылсын.

3. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын облустарынын мамлекеттик администрация

башчыларынын - губернаторлорунун 2010-жылга карата облустар боюнча ре-

зервдик фонддору;

- Кыргыз Республикасынын облустарынын мамлекеттик администрация

башчыларынын - губернаторлорунун 2010-жылга карата резервдик фонддору

жөнүндө жобо.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 297

"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыла-

рынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө жобону

бекитүү тууралуу" токтомун колдонуу токтотулуп турсун.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын 2010-жылга республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

сунуштарды белгиленген тартипте берсин.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева

@ Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн

2010-жылдын 7-майындагы

№ 33 Декретине

тиркеме

Кыргыз Республикасынын облустардын мамлекеттик

администрация башчылары - губернаторлорунун

резервдик фонддору

| N | Облустардын аталышы | Резервдик фонддун суммасы (мињ сом) |
| --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 |
| 1 | Ош | 9798,2 |
| 2 | Баткен | 2161,3 |
| 3 | Жалал-Абад | 7463,4 |
| 4 | Ысык-Көл | 3510,8 |
| 5 | Нарын | 1884,9 |
| 6 | Талас | 1477,8 |
| 7 | Чүй | 3703,6 |
|  | Бардыгы: | 30000,0 |
