Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УО «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Декрет ВП КР от 17 мая 2010 года № 37 "О внесении изменений и дополнения в некоторые декреты Временного Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-05-17.
КР Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 17-майындагы УӨ № 37 Декретине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2010-жылдын 30-апрели № 27
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 21-апрелиндеги № 19 Декретине
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Убактылуу Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убакты-
луу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 19 Декретине төмөнкү
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
2-пунктта:
2-пунктчада:
-үчүнчү абзацтагы "Курамы 19 мүчөдөн" деген сөздөр "Курамы чечүүчү
добушка укуктуу 15 мүчөдөн";
-төртүнчү абзац төмөнкү мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын:
"Убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өз курамынан жашыру-
ун добуш берүү менен Убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы-
нын орун басарын шайлайт. Убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын
төрагасы жок учурда анын ыйгарым укуктарын төраганын орун басары атка-
рат.";
-жетинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4. Убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн курамы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин IV чакырылыштагы депутаттарын
шайлоодо шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган сегиз саясый партиялар-
дын өкүлдөрүнүн бир жыныстагы адамдарынын 70 пайыздан ашпаган
өкүлчүлүгүн, 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шай-
лоочулардын добуштарын бөлүштүрүүгө катышкан саясый партияларды - 8
мүчө (чечүүчү добушка укуктуу), ошондой эле бейөкмөт уюмдары тарабынан
сунушталган талапкерликтерин - 7 мүчө (чечүүчү добушка укуктуу) эске
алуу менен түзүлөт. Убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы 6
адамдан ашпаган сандагы эл аралык уюмдар тарабынан сунуш кылынган кењеш
берүүгө укуктуу мүчөлөрү менен толукталышы мүмкүн.";
пункт төмөнкү мазмундагы З-пунктча менен толукталсын:
"3) 3-берененин 8-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"8. Убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укук-
туу мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда Кыр-
гыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү чыгып калгандын ордуна комиссиянын
жањы мүчөсүн дайындайт.";
З-пунктча 4-пунктча деп эсептелинсин.
2. Ушул Декрет кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет жана
2010-жылкы Кыргыз Республикасынын референдумун жана Кыргыз Республика-
сынын Жогорку Кењешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү мезгилинде колдо-
нулат.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР УО 2010-жылдын 21-апрели УӨ № 19 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" ДекретиДекрет · 21.04.2010 · № 19
- КР УО 2010-жылдын 17-майынын № 37 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" ДекретиДекрет · 17.05.2010 · № 37
Шилтеме берет (2)
- КР УО 2010-жылдын 21-апрели УӨ № 19 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" ДекретиДекрет · 21.04.2010 · № 19
- КР УО 2010-жылдын 17-майынын № 37 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" ДекретиДекрет · 17.05.2010 · № 37
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.