# КР УО 2010-жылдын 26-апрелинин № 23 "Инвестицияларды коргоо жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 26-апрелинин № 23 "Инвестицияларды коргоо жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 26.04.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.04.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202775>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-15/edition/457012/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202775.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.04.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 26-апрелинин № 23 "Инвестицияларды коргоо жөнүндө" Декрети (26.04.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202775

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 26-апрели УӨ № 23

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Инвестицияларды коргоо жөнүндө

Мыйзам артыкчылыктарын, жарандардын эркин экономикалык иштерге

укуктарын коргоону, жеке ишкердикти жана инвестицияларды коргоону, рес-

публикадагы инвестициялык жагдайды жакшыртууну жана инвесторлорго тењ

укуктуу режимди жана алардын Кыргыз Республикасынын экономикасына тарт-

кан инвестицияларын коргоого кепилдик берүү аркылуу ата мекендик жана

чет элдик инвестицияларга дем берүүнү камсыз кылуу максаттарында, Убак-

тылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги N 1 Декретин жетекчиликке алуу

менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү Кыргыз Республикасынын

аймагында мыйзам артыкчылыгын камсыз кылууну кепилдейт.

2. Кыргыз Республикасында экономикалык ишкердик жана жеке ишкердик

Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзам-

дарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген

тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ыла-

йык жүзөгө ашырылат.

3. "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзамына ылайык, чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестиция-

ларга, алар тарабынан Кыргыз Республикасынын экономикасына тартылган

инвестицияларды коргоого кепилдик берүүнү кошуп алганда, адилеттүү, тењ

укуктуу режим кепилденет жана сакталат.

4. Кыргыз Республикасында мыйзамдуу жүрүшкөн чет өлкөлүк жарандар-

га Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүрүү укугу кепилденет.

5. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү белгиленген тартипте

күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жана ма-

кулдашууларынын алкагында Кыргыз Республикасы мурда алган милдеттенме-

лердин аткарылышын камсыз кылат.

6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, жергиликтүү мам-

лекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-

дары ушул Декретти талаптагыдай аткаруу боюнча тиешелүү чараларды

көрүшсүн.

7. Инвестицияларды тартууга тоскоолдук кылган, алардын иштерине,

уюмдардын кадр маселелерин чечүүсүнө кийлигишкендерди жана ушул аракет-

терди (рейдерликти) жүзөгө ашырууга башка адамдарга көмөктөшкөндөрдү

кошуп алганда, мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик, коомдук, капи-

талдын жана башка формаларын мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча мыйзамсыз ча-

раларды көргөн кызмат адамдары жана башка адамдар кылмыш жана жаран-

дык-укуктук жоопкерчилик тартаары белгиленсин.

8. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги жана

Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү министрлиги ушул Декрет

жөнүндө дүйнөлүк коомчулукту жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди кабар-

ландырсын.

9. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
