# КР УО 2010-жылдын 21-апрелинин № 21 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сатуулардан алынуучу салык болугундо толуктоо киргнзуу женундо" Декрети

- Толук аталышы: КР УО 2010-жылдын 21-апрелинин № 21 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сатуулардан алынуучу салык болугундо толуктоо киргнзуу женундо" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 21.04.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202774>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-14/edition/1119649/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202774.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УО 2010-жылдын 21-апрелинин № 21 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сатуулардан алынуучу салык болугундо толуктоо киргнзуу женундо" Декрети (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202774

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

2010-жылдын 21-апрели УӨ № 21

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сатуулардан алынуучу салык бөлүгүндө толуктоо киргизүү жөнүндө Салык саясатын калктын турмушунун иш жүзүндөгү деңгээлине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

315-берене төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "3. Электр энергиясын, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын сатуу сатуулардан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат.".

2. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р. Отунбаева
