# Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 12-апрелинин № 9 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматын жоюу жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 12-апрелинин № 9 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматын жоюу жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202767>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-7/edition/683961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202767.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 12-апрелинин № 9 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматын жоюу жөнүндө" Декрети (12.04.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202767

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 12-апрели УӨ № 9

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик

күзөт кызматын жоюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелин-

деги № 1 Декретинин негизинде:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы милдеттерин,

тиешелүү штаттарын, документтерин жана материалдык-техникалык каражат-

тарын төмөнкүлөргө өткөрүп берүү менен жоюлсун:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына

- алар туруктуу жана убактылуу жайгашкан жерлеринде мамлекеттик күзөт

объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине - чет мамлекеттердин

башчыларын тосууда жана Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында

орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин алдында кайта-

руу кызматын өтөө боюнча.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы

жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги өткөрүп берилген милдет-

терге жараша Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын укугун

мурастоочулар болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына

жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине төмөнкүлөр тапшырыл-

сын:

- эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт

кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюн-

ча сунуштарды киргизүү;

- ушул Декреттен келип чыккан башка чараларды көрүү жана өз чечим-

дерин ушул Декретке ылайык келтирүү.

4. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
