# 332-берене. Салык төлөө тартиби жана мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202735)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 10-февралындагы № 25 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4110/edition/1119611/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202735/st-332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 332-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-332

---

1. Салык төлөөчү - жеке адам төмөнкүлөргө салык төлөйт:

1) 1-топтогу мүлк объекттерине - мүлк объектиси эсептик каттоодон

өткөн жери же жайгашкан жери боюнча үстүдөгү жылдын 1-сентябрынан кеч эмес мөөнөттө;

2) 4-топтогу мүлк объекттерине - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

аныктаган мөөнөттө, бирок техникалык кароодон өткөнгө чейинки мезгилде, ошондой эле мүлк объектисине менчик укугу толук же жарым-жартылай бе- рилгенде жыл ичинде мүлк объектисинин жањы ээсине ушундай өткөрүп берүү таризделген учурда - мүлк объектиси катталган же убактылуу катталган жер боюнча.

2. Уюмдар жана жеке ишкерлер төмөнкү салыктарды төлөшөт:

1) 2- жана 3-топтогу мүлк обьекттерине үстүдөгү жылдын ичинде бир-

дей үлүштөр менен квартал сайын үстүдөгү кварталдын үчүнчү айынын 20сы- на чейинки мөөнөттө мүлк обьектиси турган жер боюнча, ал эми Бишкек ша- арынын чегинде - салык төлөөчү салыктык катталган жер боюнча;

2) 4-топтогу мүлк обьекттерине - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

аныктаган мөөнөттө, бирок техникалык кароодон өткөнгө чейинки мезгилде

- тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган обьекти каттаган жер боюн-

ча.

3. 1-, 2- жана 3-топтордогу мүлк обьекттерине ээлик кылуунун жа-

на/же пайдалануунун иш жүзүндөгү мезгили үчүн төлөөгө тийиш болгон са- лыктын суммасы ушул укукту өткөрүп берген салык төлөөчү тарабынан укук- ту мамлекеттик каттоо күнүнө чейин же ошол күнү бюджетке төгүлүүгө ти- йиш. Мында мүлк обьектисинин алгачкы ээси мүлк обьектисин өткөрүп бер- ген ай башталганга чейин үстүдөгү жылдын 1-январынан тартып эсептелген салыктын суммасын төлөйт. Мүлк салыгынын андан кийинки салык төлөөчүсү мүлк обьектисине уку- гу пайда болгон айдын башынан тартып эсептелген мезгил үчүн салыктын суммасын төлөйт. Мүлк обьектисине укукту мамлекеттик каттоодо төлөнгөн салыктын жылдык суммасы макулдашуу боюнча тараптардын бири тарабынан бюджетке төгүлүшү мүмкүн. Андан ары мүлк обьектисине укукту мамлекеттик каттоодо төлөнгөн салыктын суммасы экинчи жолу төлөнбөйт. Мүлк салыгы төлөнбөгөн учурда мүлк обьектисине менчик укугу мамле- кеттик катталганга чейин же ошол учурда ушул берененин талаптарына ыла- йык укук өткөрүп берилген толук салык мезгили үчүн мүлккө салык төлөө боюнча милдеттенме кийинки салык төлөөчүгө жүктөлөт.

4. Банк мекемеси жок алыскы жана кыйындык менен жетүүчү калктуу

пункттар үчүн мүлккө салыктын суммасын жеке адам тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген тартипте салык органына төлөөсүнө жол берилет.

5. Салык төлөөчү мүлк салыгы боюнча төмөнкүдөй маалыматтык эсеп

берет:

1) 1, 2- жана 3-топтордогу мүлк обьектилери үчүн:

а) үстүдөгү жылдын 1-мартына чейин - уюмдар жана жеке ишкерлер;

б) үстүдөгү жылдын 1-майына чейин - жеке ишкерлерди кошпогондо,

жеке адамдар;

2) 4-топтогу мүлк объектилери үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

белгилеген мөөнөттө.

6. Маалыматтык эсептин формасы жана толтуруу тартиби ыйгарым укук-

туу салык органы тарабынан аныкталат.

7. Ушул Кодекстин 331-беренесинин 2-, 3- жана 4-бөлүктөрүндө ка-

ралган учурларда салык төлөөчү:

1) мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенме пайда болгон күнү маа-

лыматтык эсеп берет;

2) мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенме пайда болгон күнү са-

лыкты төлөйт, бирок ушул берененин 1- жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген мүлккө салыкты төлөө мөөнөтүнөн эрте эмес.

---

Мурунку берене: [331-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-331)  
Кийинки берене: [333-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-333)
