# 328-берене. Салыктын ставкасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202735)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 10-февралындагы № 25 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-328>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4110/edition/1119611/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202735/st-328.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 328-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-328

---

Салыктын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

1) 1-топтогу мүлк объекттери үчүн - салык салынуучу базанын 0,35

пайызы;

2) 2- жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн - салык салынуучу ба-

занын 0,8 пайызы;

3) 4-топтогу мүлк объекттери үчүн:

а) ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштегендер:

| Транспорттун түрү | Даярдоочу завод чыгарган | Кыймылдаткычынын |
| --- | --- | --- |
|  | жылды кошкондо | жумушчу көлөмүнүн |
|  | пайдалануу мөөнөтү | ар бир 1 куб.см |
|  |  | үчүн сом менен |
|  |  | салыктын ставкасы |
| Жењил автомобилдер, жењил | 5 жылга чейин | 0,90 |
| автомобилдердин | 5тен 10 жылга чейин | 0,75 |
| базасындагы фургондор жана | 10дон 15 жылга чейин | 0,60 |
| пикаптар | 15 жылдан ашык | 0,45 |
| Жүк автомобилдери, | 5 жылга чейин | 0,75 |
| автобустар, | 5тен 10 жылга чейин | 0,60 |
| микроавтобустар | 10дон 15 жылга чейин | 0,45 |
|  | 15 жылдан ашык | 0,30 |
| Өзү жүрүүчү машиналар | 15 жылга чейин | 0,30 |
| жана/же механизмдер: | 15 жылдан ашык | 0,15 |
| тракторлор, комбайндар, |  |  |
| жол-курулуш машиналары |  |  |
| анын ичинде: айыл чарба | 15 жылга чейин | 0,10 |
| өндүрүшүндө пайдаланылуучу | 15 жылдан ашык | 0,05 |
| өзү жүрмө машиналар |  |  |
| жана/же механизмдер |  |  |
| (тракторлор жана |  |  |
| комбайндар |  |  |
| Мотоциклдер, | 10 жылга чейин | 0,15 |
| мотороллерлор, мопеддер, | 10 жылдан ашык | 0,09 |
| моточаналар жана моторлуу |  |  |
| кайыктар, катерлер, |  |  |
| кемелер, теплоходдор |  |  |
| Яхталар жана суу | 5 жылга чейин | 1,8 |
| мотоциклдери | 5 жылдан ашык | 1,2 |

б) ушул берененин 3-пунктунун "а" пунктчасында каралбаган ичинен

күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жоктор - ба- ланстык наркынан 0,5 пайыз;

в) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жоктор - ушул

Кодкстин 325-беренесинин 2-пунктунун "в" пунктчасына ылайык аныкталуучу наркынан 0,5 пайыз.".

3. 329-берене күчүн жоготту деп табылсын.

4. 330-333-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"330-берене. Салык боюнча жењилдиктер

1. Төмөнкүлөр салык салууга жатпайт:

1) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белги-

ленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн мүлк объекттери;

2) ушул объекттин менчик ээсине таандык, төмөнкү өлчөмдөн ашпаган

1-топтогу бир мүлк объектисинин аянты:

| Калктуу конуштарда калктын санына жараша мүлккө салык салынбоочу |  |  |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1-топтогу мүлк объектисинин аянты, кв.м |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Мињ адам | 5ке | 5тен | 10дон | 20дан | 50дөн | 100дөн | 200дөн | 500 |
|  | чейин | 10го | 20га | 50гө | 100гө | 200гө | 500гө | жана |
|  |  | чейин | чейин | чейин | чейин | чейин | чейин | андан |
|  |  |  |  |  |  |  |  | ашык |
| Турак үй, дача үй, | 360 | 330 | 300 | 270 | 240 | 210 | 180 | 150 |
| кв.м. |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Квартира, кв.м. | 290 | 260 | 230 | 200 | 170 | 140 | 110 | 80 |

3) I жана II топтогу майыптар коомунун, Кыргыз азиздер жана

дүлөйлөр коомунун уюмдарынын, мында майыптар, азиздер жана дүлөйлөр иш- тегендердин жалпы санынын 50 пайыздан кем эмесин түзсө жана алардын эм- гек акысы жалпы эмгек акы төлөө фондунун 50 пайыздан кем эмесин түзсө, ошондой эле жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин жана ишканаларынын мүлк объектилери. Аталган ишканалардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

4) илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, социал-

дык жактан камсыздоо жана балдарды же улгайып калган курактагы аз кам- сыз болгон жарандарды коргоо чөйрөсүндө иштерди жүргүзүүчү уюмдардын 2-топтогу мүлк объекттери.

2. Мүлк салыгын төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:

1) "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген Кыргыз Республикасынын

эњ жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдар, Советтер Союзунун жана Социалисттик Эмгектин Баатырлары, баатыр энелер, үч даражадагы Дањк жана Эмгек дањкы ордендери менен сыйлангандар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча катышкан аскер кызматчылары, же болбосо СССРди, Кыргыз Республикасын коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузи- янын же мертинүүнүн кесепетинен, же болбосо майданда болушуна байланыш- туу оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчыларынын ичинен ма- йыптар, аскер кызматчыларынын аталган категорияларына пенсиялык камсыз- доо боюнча тењештирилген башка майыптар, Улуу Ата Мекендик согуштун ма- йыптарынын жесирлери, ошондой эле I жана II топтогу майыптар - салык салуу объектиси болуп эсептелген бирден гана 1 жана/же 4-топтогу мүлк объектиси же мүлккө салыктан бошотулган адамдын менчик үлүшүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туура келүүчү мүлк объектисинин бөлүгү боюнча. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн адамдар мүлктүн тиешелүү салык салынуучу объектиси боюнча төлөөгө эсептелген мүлк салыгынын суммасынын 50 пайызы өлчөмүндө 1 жана/же 4-топтогу мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат;

2) мотоколяскасы же кол менен башкарылуучу автомобили бар майып-

тар, - ушул автотранспорт каражаты боюнча.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жењилдиктер төмөнкүлөргө

берилет:

1) отчеттук салыктык мезгилдин 1-августуна чейин жењилдикке укугу

пайда болгондо - отчеттук салыктык мезгилге;

2) отчеттук салыктык мезгилдин 1-августунан кийин жењилдикке укугу

пайда болгондо - отчеттук мезгилден кийинки салыктык мезгилге.

4. Жергиликтүү кењештер төмөнкүлөргө укуктуу:

1) салык төлөөчү ал жеткис күчтүн кесепетинен материалдык зыян

тарткан учурларда 3 жылга чейинки мөөнөткө мүлккө салык төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотууга;

2) өндүрүш көлөмүн жана/же чыгарылуучу продукцияны кайра иштетүүнү

жылына 30,0 миллион сомдон кем эмес камсыз кылган шартта продукция чы- гаруу жана/же кайра иштетүү боюнча иш жүргүзүүчү жањыдан түзүлгөн уюм- дар үчүн 5 жылга чейин мөөнөткө мүлк салыгын төлөөдөн бошотууга.

5. Күрөөгө коюлуп, банктын менчигине кабыл алынган мүлк ушул мүлк

банктын менчигине кабыл алынган күндөн тартып мүлк объектисин пайдалана баштаган күнгө чейинки же ушул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жа- раша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө күрөөгө коюлган мүлктү сатуу күнүнө чейинки мезгилге мүлк салыгын төлөөдөн бо- шотулат.

6. Салык төлөөчү түздөн түз мүлк объектисинин алдында жайгашкан

жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон жер салыгынын сум- масына мүлк салыгынын суммасын азайтууга, бирок ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлккө салыктын суммасынан жогору эмес суммада азай- тууга укугу бар.

---

Мурунку берене: [327-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-327)  
Кийинки берене: [331-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-331)
