# 325-берене. Салыктык база

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202735)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 10-февралындагы № 25 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4110/edition/1119611/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202735/st-325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 325-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-325

---

Төмөнкүлөр мүлк салыгынын салыктык базасы болуп саналат:

1) ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 1-, 2-

жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн, - ушул бөлүмдө белгиленген тар- типте аныкталуучу мүлк объекттеринин салык салынуучу наркы;

2) ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 4-топто-

гу мүлк объекттери үчүн:

а) ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштөөчүлөр үчүн, - кыймылдат-

кычтын жумушчу көлөмү же баланстык наркы;

б) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жоктор үчүн, - баланстык наркы.

Ушул бөлүмдүн максаты үчүн Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык амортизацияны эске алуу менен эсептелинген, мүлк салыгы боюнча салыктык мезгилдин башына карата мүлк объектинин наркы баланстык нарк катары түшүнүлөт;

в) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсептик наркы жоктор үчүн, -

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык аныкталуучу нарк.

---

Мурунку берене: [324-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-324)  
Кийинки берене: [326-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-326)
