# 324-берене. Салык салуу объектиси

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202735)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 10-февралындагы № 25 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4110/edition/1119611/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202735/st-324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 324-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-324

---

1. Төмөндөгүлөрдө турган мүлктөр мүлк салыгы салынуучу объект бо-

луп саналат:

1) мамлекеттик менчикте мамлекеттик ишканаларга чарба жүргүзүү

укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда, ал эми мекемелерге - опера- тивдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;

2) муниципалдык менчикте муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү

укугунда, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;

3) жеке менчикте.

2. Салык салынуучу мүлккө төмөнкү объекттер кирет:

1) 1-топ: ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган, турук-

туу же убактылуу жашоо үчүн арналган турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү;

2) 2-топ: турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү, пансионаттар, эс

алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле ишкердик ишти жүргүзүү үчүн арналган жана/же пайдаланылган башка капиталдык курулуштар;

3) 3-топ: ишкердик ишти жүргүзүүгө арналган жана/же пайдаланылган

киоскалар, контейнерлер сыяктуу металл же башка конструкциялардан жа- салган убактылуу жайлар;

4) 4-топ: транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар

жана механизмдер.

3. Салык салуу объектиси болуп саналбаган мүлк объекттеринин тиз-

меги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-1)  
Кийинки берене: [325-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-325)
