# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202735)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 10-февралындагы № 25 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4110/edition/1119611/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202735/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо- горку Кењешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 125-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда

берилсин: "1. Салык кызматы органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жана транспорт каражаттарын каттоону жүзөгө ашыруучу органдар менен төмөнкүлөр жөнүндө жазуу же электрондук түрүндө маалымат алуу жо- лу менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырышат:".

2. 323-328-беренелер төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"323-берене. Мүлк салыгын төлөөчү

1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, ушул Кодекстин 324-бе-

ренесинде көрсөтүлгөн, төмөнкүлөргө ээ болгон уюм же жеке адам мүлк са- лыгын төлөөчү болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган салык салынуучу мүлк

менчигинде болсо:

2) финансылык ижара келишиминин же ипотекалык кредиттөөнүн чегинде

сатып алынган, Кыргыз Республикасынын аймагында ушул мүлккө ээ болуу укугу пайда болгон айдан кийинки айдын биринен баштап катталган мүлкү болсо.

2. Эгерде мүлктүн менчик ээсинин турган жерин аныктоого мүмкүн

болбосо, мүлк салыгын төлөөчү болуп мындай мүлктү пайдаланган уюм же жеке адам саналат.

3. Мүлккө укук катталбаган учурда мүлктү иш жүзүндө пайдалануу

пайдалануучуну мүлк салыгын төлөөчү катары таануу үчүн негиз болуп са- налат.

4. Бекитип берилген мүлктү оперативдүү башкарган же менчигинде

мүлкү болгон мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор- гандары, мамлекеттик мекемелер, бюджеттен каржыланган жана/же атайын каражаттары бар муниципалдык мекемелер, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик орган, Депозиттерди кор- гоо фонду, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду мүлк же анын бир бөлүгү келишим боюнча мамлекеттик ишканаларга, муниципалдык ишканаларга жана башка юридикалык же жеке жактарга акы төлөп же акысыз пайдаланууга берилгенден башка учурларды, ошондой эле мүлктү эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана көњүл ачуу үчүн пайдалангандан башка учурларды кошпогондо мүлк салыгын төлөөчүлөр болуп саналбайт. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн субъекттер өткөрүп берген мүлктөн мүлк салыгын мүлктү акы төлөп же акысыз пайдаланууга берген жак, андай мүлктү пайдаланууга алган жактан алат.

5. Эгер ушул Кодекстин 324-беренесинде көрсөтүлгөн 1-топтогу жана

биргелешкен менчигинде турган мүлк объекти боюнча тараптардын ортосун- дагы келишимде башкасы каралбаса, ошол мүлктөгү өзүнүн пропорционалдык үлүшүнө жараша ар бир мүлк ээси салык төлөөчү болуп саналат.

---

Кийинки берене: [324-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202735/st-324)
