# Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 29-январындагы №22 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 29-январындагы №22 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202734>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4109/edition/1119607/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202734.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 29-январындагы №22 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202734

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2010-жылдын 29-январы № 22

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202734/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 5-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Субъектилердин салыктык карызын эсептен чыгаруу жөнүндөгү чечим өзүнчө мыйзам менен кабыл алынат.".

2. 68-беренеде:

5-пункттагы "болгон учурда." деген сөздөр "болгон учурда;" деген сөздөр менен алмаштырылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын: "6) өзүнчө кабыл алынган мыйзам менен субъектилердин карызын эсептен чыгаруу боюнча.".

3. 69-беренедеги "2-5" сандары "2-6" сандар менен алмаштырылсын.

4. 188-берененин 1-бөлүгүнүн 16-пунктунун "а" пунктчасы "кредитор тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "өзүнчө кабыл алынган мыйзам менен карыздарды эсептен чыгаруудан башка" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202734/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
