1-берене
Күчүндө · 18.01.2022 редакциясы
1-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 1-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөн- күдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 25-статьяда:
- 3-пунктта:
"г" пунктчасында "ошондой эле" деген сөздөрдөн кийин "ушул акцио- нердин мүлктүк укуктары бузулган жана ага мүлктүк зыян келтирилген шартта, мындай акционердин соттун жыйналышына өзүнүн милдеттүү катышуу- су менен," деген сөздөр менен толукталсын; "д" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "д) бул чечим менен ушул акционердин мүлктүк укугу бузулган жана ага мүлктүк зыян келтирилген шартта, бул акционердин соттун жыйналышына өзүнүн милдеттүү катышуусу менен, мындай чечим чыгарылган учурдан тар- тып бир жылдын ичинде коом тарабынан кабыл алынган чечимди талашууга;"; "е" пунктчасы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдүн алдына "анын бул эмиссияга катышууга чыныгы укуктары бузулган, ал эми ага ушул эмиссия тарабынан мүлктүк зыян келтирилген шартта, бул акционердин сот- тун жыйналышына өзүнүн милдеттүү катышуусу менен" деген сөздөр менен толукталсын; "з" пунктчасы "ушул Мыйзамдын" деген сөздөрдүн алдына "бул акцио- нердин мүлктүк укуктары бузулган жана ага мүлктүк зыян келтирилген шартта, бул акционердин соттун жыйналышына өзүнүн милдеттүү катышуусу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Акционерлердин чогулушуна катышууга жана акционердин ар кандай маселелер боюнча өзүнө таандык болгон акциялар менен добуш берүүгө анын укугу кандайдыр бир жактар, мамлекеттик органдар же сот тарабынан чек- телиши мүмкүн эмес.";
- статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Акционердик коомдун органдарынын аракети (аракетсиздиги), че- чими менен ага келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толук толтуруу акцио- нердин бузулган укуктарынын талаптагыдай калыбына келтирилиши болуп са- налат.".
2. 33-статьяда
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Тиешелүү лицензиянын жана коом менен келишимдин негизинде ре- естрди жүргүзүү боюнча өз ишин жүзөгө ашыруучу каттоочу коомдун акцио- нерлеринин реестрин кармоочу боло алат. Ачык акционердик коомдо баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдар- дын талаптарына жооп берген, коомго көз карандысыз болгон каттоочу, ак- ционерлердин реестрин кармоочу болуп аныкталууга тийиш.";
- 4-пункт алып салынсын;
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Эмитенттин акционерлеринин реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу реестрдин кармоочулары коомдун акционеринин тиешелүү суроо-талабынын негизинде коомдун акцияларынын беш жана андан ашык пайызына ээ коомдун акционерлери, акцияларынын номиналдык кармоочулары тууралу маалыматтар- ды ачууга тийиш. Реестрди кармоочулар коомдун акционерлеринин биринин (анын өкүлүнүн) тапшыруусу боюнча билдирүүлөрдү жөнөтүү боюнча чыгымдардан ашпаган акы үчүн коомдун башка акционерлерине билдирүүлөрдү жөнөтүүгө милдеттүү. Коомдун акцияларынын бештен аз пайызына ээ акционерлер тууралу ма- алыматтар купуя болуп саналат жана ал үчүнчү жактар, мамлекеттик орган- дар жана алардын кызмат адамдары, анын ичинде укук коргоо жана көзөмөлдөөгө алуу органдары тарабынан мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде гана алынышы мүмкүн.".
3. 34-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Ачык акционердик коомдун акционерлеринин реестрине акцияларды акы төлөтүп ээликтен ажыратуу менен байланышкан жазууну киргизүү акция- ларды ээликтен ажыратуу боюнча бүтүм фондулук биржада жүргүзүлгөндүгү жөнүндө күбөлөгөн фондулук биржанын жана/же депозитарийдин тиешелүү до- кументтеринин негизинде гана жүзөгө ашырылат.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202730/st-1" title="1-берене - КР (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>