Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 4-июну № 103 Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 75 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Кемин районундагы Көк-Ойрок айылдык кеңешинин жана Жайыл районундагы Полтавка айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Көк-Ойрок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн - көп мандаттуу 3 шайлоо округу, Полтавка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн көп мандаттуу 4 шайлоо округу түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Чүй облусунда мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары боюнча даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго ылайык 11 талапкер - Көк-Ойрок айылдык кеңешинин, 11 талапкер Полтавка айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланды. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарынын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесиндеги 4-бөлүктүн, 40-беренесиндеги 4-бөлүктүн, 62-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 26-майындагы Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын.
Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилсин.
2. 2013-жылдын 26-майындагы Жайыл районунун Полтавка айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын.
Жайыл районунун Полтавка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (тиркеме).
Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 103 токтомунун тиркемеси
Чүй облусунун жергиликтүү кеңештерине шайланган депутаттардын ТИЗМЕСИ
Кемин району
Көк-Ойрок айылдык кеңеши
1
Карагулов Улан Айтбекович
434
2
Абдралиев Мирбек Сулайманович
428
3
Зарлыков Тилек Онолдукович
410
4
Чудумбаев Мирланбек Жакшылыкович
406
5
Осмонов Аман Рашанбекович
295
6
Сапаев Рыспек Абасканович
271
7
Абдрахманов Талант Абасканович
234
8
Дуйшогулов Майрамбек Орналиевич
222
9
Исмаилов Таалайбек Муслимович
201
10
Тентимишов Саткынбек
191
11
Жамашов Жаныбек Топович
183
Жайыл району
Полтавка айылдык кеңеши
1
Абдылдаев Эрнис Мырзахматович
257
2
Айдыралиев Нурбек Акматович
230
3
Джуматаев Муразбек Базарбекович
216
4
Озеров Нуржан Маликович
203
5
Сатывалдиев Виктор Кадырбекович
152
6
Макишев Нурланбек Асылбекович
146
7
Мамбеталиев Нурдин Ракимбаевич
130
8
Азаматов Чыныбек Абылтаевич
122
9
Джунусов Марстилек Кайыркулович
117
10
Копосбаева Махабат Муканбетовна
113
11
Туктубаев Акылбек Асылбекович
102
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Президентинин 2013-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ №75 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда…Указ · 11.04.2013 · № 75 · Күчүн жоготкон