Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 02.03.2010 редакциясы
"Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 188-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана пайдалануу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоонун жана сарамжалдуу пайдалануунун эрежелерин белгилөө, жаратылыш өсүмдүктөрүнүн ресурстарын пайдалануунун лимиттерин жана ченемдерин аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндөгү жобону бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилүүгө тийиш болгон өсүмдүктөр дүйнөсүнүн өтө сейрек жана жок болуп кетүү коркунучу астында турган түрлөрүнүн тизмегин бекитүү.".
2. 9-статья күчүн жоготту деп табылсын.
3. 11-статьянын 5-бөлүгүндө "айлана-чөйрөсүн коргоонун республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 12-статьянын 4-бөлүгү "ченемдик" деген сөздөн кийин "укуктук" деген сөз менен толукталсын.
5. 15-статьянын 1-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөсүн коргоонун республикалык мамлекеттик органы белгилеген" деген сөздөр "мыйзамдарында белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 20-статьянын 4-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөсүн коргоонун республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
7. 21-статьянын 3-бөлүгүндөгү "жергиликтүү мамлекеттик акимчиликтер, ошондой эле атайын укук берилген мамлекеттик органдар" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 23-статьянын 3-бөлүгүндөгү "же өзгөчө тизмеге киргизилген өсүмдүктөрдү жыйноого уруксат берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоонун республикалык мамлекеттик органы аныктайт" деген сөздөр "киргизилген өсүмдүктөрдү жыйноого уруксат берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 27-статьянын 2-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
Берененин тексти 02.03.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндөЗакон · 20.06.2001 · № 53
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202729/st-1" title="1-берене - Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>