# Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 2-мартындагы № 39 "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 2-мартындагы № 39 "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202729>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4105/edition/455500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202729.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 2-мартындагы № 39 "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы (02.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202729

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 2-марты № 39

"Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202729/st-1)

"Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 188-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана пайдалануу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу;

- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоонун жана сарамжалдуу пайдалануунун эрежелерин белгилөө, жаратылыш өсүмдүктөрүнүн ресурстарын пайдалануунун лимиттерин жана ченемдерин аныктоо;

- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндөгү жобону бекитүү;

- Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилүүгө тийиш болгон өсүмдүктөр дүйнөсүнүн өтө сейрек жана жок болуп кетүү коркунучу астында турган түрлөрүнүн тизмегин бекитүү.".

2. 9-статья күчүн жоготту деп табылсын.

3. 11-статьянын 5-бөлүгүндө "айлана-чөйрөсүн коргоонун республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.

4. 12-статьянын 4-бөлүгү "ченемдик" деген сөздөн кийин "укуктук" деген сөз менен толукталсын.

5. 15-статьянын 1-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөсүн коргоонун республикалык мамлекеттик органы белгилеген" деген сөздөр "мыйзамдарында белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 20-статьянын 4-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөсүн коргоонун республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.

7. 21-статьянын 3-бөлүгүндөгү "жергиликтүү мамлекеттик акимчиликтер, ошондой эле атайын укук берилген мамлекеттик органдар" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

8. 23-статьянын 3-бөлүгүндөгү "же өзгөчө тизмеге киргизилген өсүмдүктөрдү жыйноого уруксат берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүн коргоонун республикалык мамлекеттик органы аныктайт" деген сөздөр "киргизилген өсүмдүктөрдү жыйноого уруксат берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөргө алмаштырылсын.

9. 27-статьянын 2-бөлүгүндөгү "айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык мамлекеттик органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202729/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
