# 1-берене

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202724)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 3-мартындагы № 42 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202724/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-3/edition/490076/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202724/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу, 1-берене (03.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202724/st-1

---

"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 453-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 33-берененин 2- жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Агенттик төмөнкүдөй баалуу кагаздарды инвестициялай алат:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана/же сөзсүз түрдө кепилдикке алынган;

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка баалуу кагаздарды.

Инвестициялоонун тартиби жана параметрлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Агенттикке жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланышкан, аны күтүүгө операциялык чыгымдар жана башка сарптоолор ар бир финансы жылына төмөнкүлөрдүн эсебинен жабылат:

1) Фонддун максаттуу өлчөмүнүн жылына 2 пайызынын, ал эми андан кийин - жылдын башталышына эсептелген Фонддун топтолгон каражаттарынын жана Фондго кайтарылып берүүгө тийиш болгон компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасынын жылына 2 пайызынын;

2) Фонддун бош турган каражаттарын жайгаштыруудан алынган кирешенин 25 пайызынын;

3) башка каражаттардын.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202724/st-2)
