1-берене
Күчүндө · 03.03.2010 редакциясы
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 453-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 33-берененин 2- жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Агенттик төмөнкүдөй баалуу кагаздарды инвестициялай алат:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана/же сөзсүз түрдө кепилдикке алынган;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка баалуу кагаздарды.
Инвестициялоонун тартиби жана параметрлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Агенттикке жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланышкан, аны күтүүгө операциялык чыгымдар жана башка сарптоолор ар бир финансы жылына төмөнкүлөрдүн эсебинен жабылат:
1) Фонддун максаттуу өлчөмүнүн жылына 2 пайызынын, ал эми андан кийин - жылдын башталышына эсептелген Фонддун топтолгон каражаттарынын жана Фондго кайтарылып берүүгө тийиш болгон компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасынын жылына 2 пайызынын;
2) Фонддун бош турган каражаттарын жайгаштыруудан алынган кирешенин 25 пайызынын;
3) башка каражаттардын.".
Берененин тексти 03.03.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.2008 · № 78
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202724/st-1" title="1-берене - Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>