# Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 48
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202723>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-2/edition/457086/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202723.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (12.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202723

---

Кыргыз Республикасынын

2010-жылдын 21-апрелинин №17 Убактылуу Окмотунун Декретине ылайык

2010-жылдын 12-марты № 48

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202723/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо

горку Кенешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 240-берененин 1-бөлүгүндөгү "ысык жана" жана "жылуулук энергияны, электр энергияны" деген сөздөр алып салынсын.

2. 282-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. КНСтин эсеп-фактурасы төмөндөгүдөй учурларда ар бир айдын аягында салык салынуучу субьект тарабынан бир жолу жол-жоболоштурулат:

1) ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык чекене сатуу пункттарынан накталай эсептешүү менен товарларды сатканда, жумуштарды аткарганда жана калкка кызмат көрсөткөндө;

2) турмуш-тиричилик максаттар үчүн калкка ысык суу, жылуулук энергиясын жана электр энергиясын сатканда.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202723/st-2)

Ушул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

2010-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
