# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 102 "Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 102 "Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1288/edition/532298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 102 "Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (08.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20272

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 4-июну № 102 Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө (КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 25-ноябрында өткөрүлдү. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин аймагында айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн көп мандаттуу 1 шайлоо округу түзүлгөн. 2012-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таануу жөнүндө" № 148 токтому менен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын Кан шайлоо округу боюнча шайлоо өткөн жок деп табылган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 77 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын Кан шайлоо округу боюнча кайталап шайлоо 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине шайлоо процессинин катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү кайрылуу (арыздар, даттануулар, актылар) келип түшкөн жок. 2013-жылдын 26-майындагы болуп өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы берген протоколдордун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүккө, 40-беренесиндеги 4-бөлүккө, 62-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдын 26-майындагы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын Кан шайлоо округу боюнча кайталап шайлоо өттү деп табылсын.

2. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

3. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешине төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (тиркеме).

4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 102 токтомуна тиркеме

Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарынын ТИЗМЕСИ

КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58 токтомуна ылайык Досатов Замирбек Мамасыдыкович жергиликтүү кеңешинин шайланган депутаты деп табуу тууралуу бөлүгү күчүн жоготту.

145

КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58 токтомуна ылайык Джахбаров Юлдашхужа Каландарович жергиликтүү кеңешинин шайланган депутаты деп табуу тууралуу бөлүгү күчүн жоготту.

130

Досатов Жанболот Мамасыдыкович

102

Жигитов Канатбек Мамытович

102

Абдураимов Чингиз Камбаралиевич

101

Асанов Базарбай Айдаркулович

100

Жусупов Абдисатар Кулмаматович

98

Иминов Дильшотбек Билалович

95

Кутбаев Кубанычбек Абдикалыкович

87

Юлдашев Якубджон Каримджонович

85

Акунчиева Нургул Иметовна

81

Төрага

Т.Абдраимов
