# Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 4-мартындагы №44 "Антидемпинг жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 4-мартындагы №44 "Антидемпинг жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202715>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-1/edition/1232199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202715.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 4-мартындагы №44 "Антидемпинг жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202715

---

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

2010-жылдын 4-марты № 44

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Антидемпинг жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202715/st-1)

"Антидемпинг жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 1999-ж., № 3, 92-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4-статьяда:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Антидемпинг жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат."; 2-пунктта:

- "Кыргыз Республикасы ратификацияланган эл аралык келишимде же макулдашууда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууда же келишимде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- расмий тилдеги текстте "международного" деген сөз "международных" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 6-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

3. 46-статьянын 1-пунктундагы "Жогорку Кенешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр "Жогорку Кенеши" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202715/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2010-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
