Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-берене. Кирешелерди жана мүлктү декларациялоону уюштуруу жана
Күчүндө · 11.04.2014 редакциясы
жүргүзүү тартиби
1. Декларациялоо чегинен ашпаган суммадагы декларациялоо объектте-
рин декларациялаганда декларациялык төлөм алынбайт. Декларациялоо субъ-
екти нотариалдык иш-аракеттер үчүн 150 сом суммасында мамлекеттик алым-
ды жана аны даярдоо үчүн кеткен чыгымдардын баасынан ашпаган кирешелер
жана мүлк жөнүндө декларациянын бланкынын наркын гана төлөйт.
2. Декларациялоо чегинен ашкан суммага легалдаштыруу объекттерин
декларациялагандыгы үчүн декларациялоо субъекттери декларациялык
төлөмдү кошумча төлөшөт. Декларациялык төлөм атайы эсепке түшөт жана
республикалык бюджеттин кирешесинин эсебине киргизилет.
3. Декларациялоо объектинин наркын баалоо декларациялоо субъектти
тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Кирешелерди жана мүлктү декларациялоо тартиби төмөнкүдөй:
1) декларациялоо объекттерин декларациялоону каалаган декларация-
лоо субъектти кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларацияны алуу жана
толтуруу үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылат;
2) декларациялар ыйгарым укуктуу кызмат адамына берилет, эгерде
легалдаштыруу объекттисинин наркы декларациялоо чегинен ашып кетсе,
декларацияга ыйгарым укуктуу коммерциялык банкка мамлекеттик бюджеттин
пайдасына бир жолку декларациялык төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция
тиркелет;
3) декларация бир нускада толтурулат жана ырастоо үчүн аны ыйгарым
укуктуу кызмат адамына декларациялоо субъектинин жеке өзү же анын мый-
замдуу өкүлү тарабынан күбөлөндүрүү үчүн берилет жана декларация декла-
рациялоо субъектинде сакталат;
4) ыйгарым укуктуу кызмат адамы декларациялоо субъектинин же анын
мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда декларациядагы декларациялоо субъекти
жөнүндө маалыматтардын анын өзүн күбөлөндүргөн документтерине ылайык
келүүсүн гана текшерет, ошондой эле декларациядагы коюлган колдун туу-
ралыгын күбөлөндүрөт жана Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын
реестрине кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын жеке катар номерин,
декларациялоо күнүн, ушул декларацияны берген адамдын жеке маалыматта-
рын киргизет.
Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын мазмунуна тиешелүү маа-
лыматтар Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын реестрине кирги-
зилбейт жана эч бир жерде белгиленбейт. Кирешелер жана мүлк жөнүндө
декларациялардан ыйгарым укуктуу кызмат адамы жана башка бардык мамле-
кеттик органдар жана кызмат адамдары тарабынан көчүрмөлөрдү алуусуна
тыюу салынат.
Декларацияны толтурууда так эместиктер табылган же инсандыгын
күбөлөндүргөн документтер көрсөтүлбөгөн учурда гана ыйгарым укуктуу
кызмат адамы декларацияны алуудан баш тартууга укуктуу. Декларациялоо
субъектти жањы декларацияны толтурууга жана ыйгарым укуктуу кызмат ада-
мына берүүгө укуктуу.
Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларацияны текшерүүнүн жүрүшүндө так
эместиктер табылса, ошондой эле декларация жоголсо же бузулса деклара-
циялоо субъекти декларациялоо мөөнөтүндө жањы декларацияны толтурууга
жана ыйгарым укуктуу кызмат адамына берүүгө укуктуу. Кирешелер жана
мүлк жөнүндө бузулган декларация декларациялоо субъекттисинин катышуу-
сунда ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан жок кылынат, бул жөнүндө
Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын реестринде көрсөтүлөт;
5) ушул бөлүктүн 4-пунктунда каралган жол-жоболорду аткаруунун жы-
йынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамынын мөөрү жана жооптуу ада-
мынын койгон колу менен ырасталган декларация жана декларацияга тиркел-
ген документтер декларациялоо субъектине декларация берилген күнү бери-
лет.
5. Декларацияда берилген маалыматтардын тактыгын, ошондой эле дек-
ларацияны сактоону декларациялоо субъекти камсыз кылат.
6. Декларациялоо мөөнөтү аяктагандан кийин кирешелер жана мүлк
жөнүндө декларация жоголсо же бузулса дубликаты же экинчи ирет деклара-
ция берилбейт.
Берененин тексти 11.04.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №183 "«Кыргыз Республикасынын жарандарын бирдиктүү салыктык декларация берүүгө даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу…Постановление · 25.03.2010 · № 183 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202711/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>