# 4-берене. Декларациялоо субъекттерине берилүүчү мамлекеттик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202711)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 25-февралындагы №36 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 25.02.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2014
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2014 года № 57 "О внесении дополнений и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205279)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202711#diff=524290..524291>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202711/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4098/edition/524289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202711/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө, 4-берене (11.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202711/st-4

---

кепилдиктер

1. Декларациялоо мезгилинде жана андан кийин декларациялоо субъек-

ттеринин 2012-жылдын 31-декабрын кошо алган мезгилдеги финансылык-чар-

балык иштерине карата текшерүүлөрдүн бардык түрүн жүргүзүүгө тыюу салы-

нат.

2. Декларациялоо мезгили аяктагандан кийин ушул Мыйзамга ылайык

декларациялоону жүргүзүү процессинде алынган маалыматтын негизинде дек-

ларациялоо объектисине карата процесстик, анын ичинде кылмыш-жаза жаза-

лоосу же администрациялык, эмгек жана тартип чараларын колдонуу боюнча

иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат.

3. Кирешелер жана мүлкт жөнүндө декларация кылмыш-жаза, админист-

рациялык, тартип же башка процесстер боюнча далил болуп эсептелбейт.

2012-жылдын 31-декабрын кошо алганда алынган кирешелерге жана

мүлккө карата салыктарды, бажы төлөмдөрү боюнча милдеттенмелердин, со-

циалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн жана башка милдеттүү

төлөмдөрдүн тындырылгандыгынын таануу фактысын кошпогондо, кирешелер

жана мүлк жөнүндө декларация укукту белгилөөчү же укукту күбөлөндүрүүчү

документ болуп эсептелбейт.

Ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан ырасталган кирешелер жана

мүлк жөнүндө декларация Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-бе-

ренесине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2013-жыл үчүн

бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мам-

лекеттик кызматы жөнүндө" жана "Саясий жана башка атайын мамлекеттик

кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын тууган-

дарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө маалыматтарды

декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына

ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчысынын жана анын үй-

бүлө мүчөлөрүнүн мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларацияларын түзүүсүнө

жана берүүсүнө негиз болуп эсептелет.

4. Декларациялоо процессинде алынган маалыматтарды декларациялоо

субъектине каршы, ошондой эле мүлктү декларациялоо процессин жүзөгө

ашыруу мүмкүндүгүн жокко чыгаруу үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

5. Мамлекет декларациялоо субъекттерине төмөнкүлөргө кепилдик бе-

рет:

1) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык декларацияланып жаткан киреше-

лер жана мүлктөр алынган булактар жөнүндө маалыматты берүү милдетинен

бошотууга;

2) декларациялоо субъекттерине карата купуялуулукту (сырды сактоо-

ну) камсыз кылууга;

3) натыйжасында декларациялоо субъекттеринин салык, бажы

төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка

милдеттүү төлөмдөрдү төлөөсүнө карата басмырлоочу чараларды колдонбоо-

го.

6. Ушул Мыйзамды колдонууда келип чыккан бардык карама-каршылыктар

декларациялоо субъекттеринин пайдасына чечмеленет.

(КР 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202711/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202711/st-5)
