# 7-берене. Химиялык коопсуздукту камсыздоо талаптары

- Документ: [Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202708)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 29-январындагы №18 "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.01.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4095/edition/864078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202708/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент, 7-берене (30.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-7

---

1. Курулушта пайдаланылуучу курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан пайдалануу үчүн уруксат берилиши керек.

2. Курулуш материалдарында жана буюмдарында адамдардын жана жаныбарлардын организмине түз жана кыйыр таасир бере турган өлчөмдө зыяндуу заттардын болбошу жана айлана-чөйрөгө бөлүнүп чыкпашы керек.

3. Лак жана сырдоочу, полимердик жана полимер сыяктуу курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын курамындагы адамдар жана жаныбарлар үчүн зыяндуу химиялык заттар ушул Техникалык регламентке тийиштүү түрдөгү байланыштагы нормативдик документтердин талаптарына ылайык болууга тийиш.

4. Зыяндуу химиялык заттардын концентрациясынын жол берилүүчү эң жогорку чеги ушул Техникалык регламент менен тийиштүү түрдөгү байланыштагы нормативдик документтерде белгиленген маанилерден ашпашы керек.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-8)
