# 26-берене. Ылайыктуулук белгиси менен маркалоо

- Документ: [Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202708)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 29-январындагы №18 "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.01.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4095/edition/864078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202708/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент, 26-берене (30.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-26

---

1. Ылайыктуулук жөнүндө декларациянын реестринде же ылайыктуулук сертификатынын реестринде катталган жана ылайыктуулукту ырастоодон өткөн курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары техникалык регламенттерге ылайыктуулук белгиси менен маркаланат. Техникалык регламенттерге ылайыктуулук белгиси менен маркалоо арыз ээси тарабынан өз алдынча өзүнө ыңгайлуу ыкмада жүзөгө ашырылат.

2. Ылайыктуулук белгиси маалыматтык максатта түздөн-түз таңгакка же керектөөчүлүк тарага (суюк жана чубурма курулуш материалы үчүн), буюмдун бетине жана (же) коштоочу документке салынат.

Техникалык регламентке ылайыктуулук белгисинин графикалык сүрөтүнүн эскизинин баяндамасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Ушул Техникалык регламенттин же башка техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугу ырасталбаган курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө белги менен маркаланбайт жана Кыргыз Республикасынын аймагында рынокко жүгүртүүгө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-27)
