26-берене. Ылайыктуулук белгиси менен маркалоо
Күчүн жоготкон · 30.01.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
1. Ылайыктуулук жөнүндө декларациянын реестринде же ылайыктуулук сертификатынын реестринде катталган жана ылайыктуулукту ырастоодон өткөн курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары техникалык регламенттерге ылайыктуулук белгиси менен маркаланат. Техникалык регламенттерге ылайыктуулук белгиси менен маркалоо арыз ээси тарабынан өз алдынча өзүнө ыңгайлуу ыкмада жүзөгө ашырылат.
2. Ылайыктуулук белгиси маалыматтык максатта түздөн-түз таңгакка же керектөөчүлүк тарага (суюк жана чубурма курулуш материалы үчүн), буюмдун бетине жана (же) коштоочу документке салынат.
Техникалык регламентке ылайыктуулук белгисинин графикалык сүрөтүнүн эскизинин баяндамасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Ушул Техникалык регламенттин же башка техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугу ырасталбаган курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө белги менен маркаланбайт жана Кыргыз Республикасынын аймагында рынокко жүгүртүүгө жол берилбейт.
Берененин тексти 30.01.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202708/st-26" title="26-берене - Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>