# 24-берене. Ылайыктуулукту милдеттүү ырастоо жаатындагы арыз берүүчүнүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202708)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 29-январындагы №18 "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.01.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4095/edition/864078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202708/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент, 24-берене (30.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-24

---

1. Арыз берүүчү төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) ылайыктуулукту милдеттүү ырастоону жүзөгө ашыруу үчүн арыз берүүчү сертификаттоого ниеттенген курулуштук арналыштагы продукцияларга аккредитациялоо тармагы жайылтылган ылайыктуулукту ырастоо боюнча каалаган органга кайрылууга;

2) ылайыктуулукту ырастоонун формасын жана схемасын ушул Техникалык регламентте каралган тартипте тандоого;

3) ылайыктуулукту ырастоо органдарынын жана аккредиттелген сыноочу лабораториялардын укуктук эмес аракеттерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте даттануу менен кайрылууга.

2. Арыз берүүчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ушул Техникалык регламенттин коопсуздук талаптарына, ошондой эле башка техникалык регламенттерде белгиленген коопсуздук талаптарына ылайыктыгын камсыздоого;

2) ылайыктуулугу милдеттүү ырасталууга тийиш болгон курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын аларга ылайыктуулук сертификатын же ылайыктуулук жөнүндө декларациясын алгандан кийин гана жүгүртүүгө чыгарууга;

3) мамлекеттик көзөмөлдөө органына, ошондой эле кызыкдар жактарга курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын аларга жайылтылган техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугун ырастоочу документтерди көрсөтүүгө;

4) эгер ылайыктуулукту ырастоонун тандалган схемасында каралган болсо, ылайыктуулукту ырастоодон өткөн курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын инспекциялык текшерүүдөн өтүшү үчүн шарттарды камсыздоого;

5) эгер ылайыктуулук жөнүндө декларациянын же ылайыктуулук сертификатынын жарактуулук мөөнөтү бүтсө же болбосо колдонулушу убактылуу токтотула турса же токтотулса курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатууну убактылуу токтотуп турууга же токтотууга;

6) сертификатталган продукцияны өндүрүүнүн техникалык документтерине же технологиялык процесстерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр жөнүндө ылайыктуулукту ырастоо боюнча органга билдирүүгө;

7) ылайыктуулукту ырастоонун жыйынтыгы боюнча ушул Техникалык регламентте белгиленген талаптарга жооп бербеген курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүнү (даярдоону) токтотуп турууга.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-25)
