# 21-берене. Ылайыктуулукту ырастоо

- Документ: [Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202708)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 29-январындагы №18 "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.01.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4095/edition/864078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202708/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент, 21-берене (30.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-21

---

1. Курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары Кыргыз Республикасынын аймагындагы рынокко чыгарылганга (жүгүртүлгөнгө) чейин ылайыктуулукту ырастоо жол-жобосунан өтүшү керек.

2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ылайыктуулугун ырастоо милдеттүү жана ыктыярдуу мүнөзгө ээ.

3. Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайыктыгын милдеттүү ырастоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайыктыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу (мындан ары - ылайыктуулукту декларациялоо);

2) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сертификаттоо.

4. Ылайыктуулугу милдеттүү түрдө ырасталуучу продукциянын тизмеги ушул Техникалык регламенттин 2-тиркемесинде берилди.

5. Өндүрүүчү (даярдоочу) же чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн (даярдоочунун) расмий өкүлү продукциянын ылайыктуулугун милдеттүү түрдө ырастоонун формасын: милдеттүү сертификаттоо жүргүзүүнү же ылайыктуулук жөнүндө декларация кабыл алууну тандоого укуктуу.

6. Ыайыктуулугу милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон продукциянын тизмегине кирбеген продукция үчүн курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ылайыктуулугун ырастоо арыз ээсинин демилгеси боюнча жүргүзүлөт.

7. Ылайыктуулукту ыктыярдуу ырастоо боюнча иштердин мазмуну жана аларды жүргүзүүнүн ырааты ушул Техникалык регламенттин 22- жана 23-беренелеринде көрсөтүлгөн курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ылайыктуулугуна милдеттүү ырастоо жүргүзүүнүн тартибине ылайык болууга тийиш.

8. Ылайыктуулукту ыктыярдуу ырастоо боюнча аткарылган иштердин натыйжалары оң болгондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формадагы ылайыктуулук сертификаты берилет.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-22)
