# 19-берене. Керектөөчүлөрдү адаштыруучу аракеттерди болтурбоо үчүн маалыматтарга талаптар

- Документ: [Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202708)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 29-январындагы №18 "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.01.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4095/edition/864078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202708/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент, 19-берене (30.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-19

---

1. Курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары сатуу рыногунда жүгүртүлгөндө керектөөчүлөр үчүн тийиштүү маалымат менен коштолот, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) буюмдагы, тарадагы, таңгагындагы же коштомо документиндеги идентификациялоочу маркалоо;

2) материалдын же буюмдун негизги, анын ичинде анын коопсуздук чөйрөсүнө тиешелүү мүнөздөмөлөрүн көрсөткөн сапат паспорту;

3) коопсуз пайдалануу боюнча нускама (соода тармагы аркылуу сатуу үчүн);

4) өрт өчүрүүнүн ыкмалары жана каражаттары (зарыл болсо);

5) ылайыктуулугу ырасталган документтер.

2. Коштомо документке киргизилген маалыматтын курамына, мазмунуна минимум талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

3. Эскертүүчү жана идентификациялоочу маркалоо текст, символ, пиктограмма түрүндө белгиленет (жазылат).

4. Керектөөчү үчүн маалымат так жана оңой окулгудай болуш керек. Мында коопсуздук талаптары бөлөк шрифт, түс менен же башкача ыкма менен белгиленет.

5. Курулуш материалдарын жана буюмдарын керектөөчүлөрдү адаштыруучу аракеттерди болтурбоо үчүн маалыматтар боюнча жоопкерчиликти төмөндөгүлөр тартышат:

1) курулуш объектилерине жана жарандардын тиричиликтеги керектөөлөрү үчүн ишканадан тикелей берилүүчү курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары боюнча, - ишкана-даярдоочулар;

2) ортомчулар жана соода тармактары аркылуу - ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатуучулар;

3) Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилгендер үчүн - импорттоочулар.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-20)
