# 16-берене. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын рынокко чыгаруу шарттары

- Документ: [Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202708)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 29-январындагы №18 "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.01.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4095/edition/864078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202708/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент, 16-берене (30.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-16

---

1. Ылайыктуулугу милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары ушул Техникалык регламенттин 26-беренесине ылайык колдонулуучу рынокто жүгүртүү белгиси менен маркаланууга тийиш.

Ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келбеген курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары ылайыктуулук белгиси менен маркаланбайт жана рынокто жүгүртүүгө жол берилбейт.

2. Даярдоочу, ыйгарым укуктуу өкүл, импорттоочу төмөнкүлөргө милдетүү:

1) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын бергенде (сатууда) мүмкүн болгон зыян келтирүү опурталын баалоо жана аларга тиешелүү коопсуздук чараларын көрүү үчүн керектөөчүнү коштомо документтер менен камсыздоого (пайдалануу боюнча нускама; сапат паспорту; ылайыктуулук сертификатынын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; ылайыктуулук жөнүндө декларациянын көчүрмөсү);

2) курулуш материалдарында, буюмдарында жана конструкцияларында аныкталган потенциалдуу опурталдар тууралуу мамлекеттик көзөмөлдүн жана аткаруу бийлигинин тиешелүү органдарына алар керектөөчүлөргө эскертүүчү чараларды көрүшү үчүн маалымдоого.

3. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) колдонуу жана сактоо мөөнөтү өтө элек, тарасы жана таңгагы бузулбаган курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатууга, эгер зарыл болсо алардын эксплуатациялык документтеринин толук комплекти менен сатууга;

2) коштомо документтердин болушуна жана аларды талап кылган учурда көрсөтүүгө;

3) белгиленген коопсуздук талаптарына жооп бербеген курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатыкка чыгарбоого;

4) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын коопсуз колдонуунун эрежелери боюнча пайдалануу нускамасынын көлөмүндө керектөөчүлөрдү консультация менен камсыз кылууга.

4. Адамдарга жана айлана-чөйрөгө зыяндуу химиялык, радиациялык жана биологиялык таасир тийгизиши жана өрт чыгуу (жарылуу) ыктымалдыгы бар, эксплуатациялык сапаттардын талаптарына ылайык келбеген курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын жүгүртүүгө тыюу салынат.

Андай курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын рынокто жүгүртүүнү жүзөгө ашырган адамдар (ишкана-өндүрүүчүлөр (даярдоочулар), ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатуучулар, импорттоочулар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.

5. Ылайыктуулук сертификатын алган өндүрүүчү (даярдоочу), сатуучу ушул Техникалык регламенттин 26-беренесине ылайык ылайыктуулук белгисин колдонууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-17)
