15-берене. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын ташуудагы жана сактоодогу коопсуздук талаптары
Күчүн жоготкон · 30.01.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
1. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сактоо жана ташуу ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтердин бардык талаптарын эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.
2. Сактоонун шарттары, мөөнөтү, ташуунун тартиби, таңгактоо (бекемдөө), сактоого коюу жана зарыл маркалоо курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына нормативдик жана техникалык документтерди иштеп чыгууда аныкталышы керек жана пайдалануу боюнча нускаманы кошкондо коштомо нускамада көрсөтүлөт.
3. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын ишкананын кампаларында жана сатуучу жерлерде сактаганда абадагы зыяндуу заттар калктын саламаттыгынын санитардык-эпидемиялык бейпилдиги жаатындагы ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтерде белгиленген жол берилүүчү эң жогорку чектеги концентрациядан ашуусун болтурбоочу чаралар, ошондой эле булганышын, өрт чыгышын жана жарылууну болтурбоочу чаралар көрүлүшү керек.
4. Эгер алар тийиштүү түрдө таңгакталса (зарыл болгондо), сактоонун жана ташуунун коопсуздугу боюнча сунуштар менен жабдылса курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сактоого жана ташууга жол берилет.
5. Эгер продукцияны өндүрүүчү (даярдоочу) же керектөөчү тарабынан башкача караштырылбаса, курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын ташуу транспорттун ошол түрүнө тиешелүү жүк ташуунун эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын ташууда жана сактоодо:
1) курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын таңгагында алардын керектөөдөгү сапатын же коопсуздук көрсөткүчтөрүн өзгөртүүчү санкциясыз ачууну болтурбоо үчүн жылчыксыздыгы, бүтүндүгү жана бекемдиги (алар сөзсүз керек болгон жерде) камсыздалат;
2) таңгактоо үчүн коопсуз материалдар жана заттар колдонулат;
3) персоналды коопсуз иштөө чаралары менен тааныштыруу каралат;
4) коргонуунун жеке жана коллективдүү каражаттары жана атайын кийимдер берилет.
7. Опурталдуу курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялар үчүн коопсуздуктун зарыл чаралары ишкана-өндүрүүчү (даярдоочу) тарабынан коштомо нускамада көрсөтүлөт.
8. Бири-бирине тийишкенде от алуучу, жарылуучу же күйүүчү газдарды чыгаруучу курулуш материалдарын сактоого жана ташууга тыюу салынат.
9. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын жүктөө же түшүрүү ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтердин талаптарын аткаруу менен жүргүзүлөт.
10. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын ташуу процессиндеги коопсуздук талаптарынын аткарылышы үчүн жоопкерчиликти ташууну жүзөгө ашырган уюмдар тартышат.
Берененин тексти 30.01.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202708/st-15" title="15-берене - Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>