# 14-берене. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүдө (даярдоодо) коопсуздуктун талаптары

- Документ: [Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/202708)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 29-январындагы №18 "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.01.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111115)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4095/edition/864078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202708/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент, 14-берене (30.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-14

---

1. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүдө (даярдоодо) ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтердин талаптары жана алардын негизинде иштелип чыккан технологиялык регламенттин талаптары, ошондой эле тиешелүү техникалык регламенттердин талаптары аткарылышы камсыздалат.

2. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралардын бүткүл комплекси аткарылат.

3. Ишканаларда курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү (даярдоо) процессинде коопсуздукту камсыздоочу бардык технологиялык операцияларды контролдоо системасы колдонулушу керек.

4. Эгер курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн натуралык сыноолорду өткөрүү талап кылынса, анда алар сыноо методдоруна ушул Техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтердин талаптарына ылайык толук көлөмдө жүргүзүлүшү керек.

5. Курама курулуш конструкцияларды жасаганда долбоордон ар кандай четтөөлөр анын авторлору менен макулдашылат. Авторлорунун макулдугусуз долбоордон четтетилип даярдалган курама курулуш конструкцияларды сатууга жол берилбейт.

6. Ишкана - өндүрүүчүлөр (даярдоочулар) курулуш объектилерине түшүүчү курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын керектүү коштомо документтер (сапат паспортунун түп нускасы же көчүрмөсү, ылайыктуулук сертификаты, ылайыктуулук жөнүндө декларация) менен, ал эми соода тармагына түшкөндөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган колдонуунун коопсуздугу боюнча нускама менен камсыздашат.

7. Өндүрүүчү даярдаган бардык курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары ишкана-өндүрүүчүнүн (даярдоочунун) техникалык контролу тарабынан кабыл алынат, маркаланат (тикеден-тике буюмдун өзүнө, тарасына, коштомо документтерге) жана идентификациясы (классы, маркасы, сорту, партиясы, даярдалган датасы) даана болушу керек.

8. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча ишканалар Кыргыз Республикасынын аймагындагы рынокко сатууга түшкөн продукциянын коопсуздугун анын техникалык документтерде белгиленген гарантиялык мөөнөттүн же жарактуулук мөөнөттүн аралыгында камсыздашат.

9. Курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүдө (даярдоодо) коопсуздук талаптарынын аткарылышы үчүн ишкана-өндүрүүчүлөр (даярдоочулар) жооптуу.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202708/st-15)
