# 2-берене. Эсептен чыгаруунун тартиби

- Документ: [Негизги карыздар, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн өндүрүлгүс карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202707)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 28-январындагы №16 "Негизги карыздар, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн өндүрүлгүс карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202707/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4094/edition/1232191/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202707/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Негизги карыздар, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн өндүрүлгүс карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө, 2-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202707/st-2

---

1. Негизги карыздар, пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча өндүрүлгүс карыздар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептелген туумдар боюнча карыздар эсептен чыгарылууга тийиш.

2. Пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар, ошондой эле эсептелген туумдар боюнча төмөнкүлөрдүн карыздары эсептен чыгарылууга тийиш:

1) электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн мамлекеттик органдардын алдындагы 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча, толук көлөмдө;

2) электр бөлүштүрүүчү компаниялардын электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн алдындагы 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептелген туумдары боюнча, толук көлөмдө;

3) электр энергиясын керектөөчүлөрдүн электр бөлүштүрүүчү компаниялардын алдындагы 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептелген туумдары боюнча, толук көлөмдө.

3. Негизги карыздар боюнча өндүрүлгүс карыздарды эсептен чыгаруунун тартиби:

1) мамлекеттик органдар электр энергиясын негизги берүүчүлөргө негизги карыздар боюнча өндүрүлгүс карызын 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептен чыгарууну жүргүзөт;

2) электр энергиясын негизги берүүчүлөр электр бөлүштүрүүчү компанияларынын негизги карыздар боюнча өндүрүлгүс карызын 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептен чыгарууну жүргүзөт;

3) электр бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясын керектөөчүлөрдүн негизги карыздар боюнча өндүрүлгүс карызын 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептен чыгарууну жүргүзөт.

4. Негизги карыздар, пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча өндүрүлгүс карыздарды, ошондой эле эсептелген туумдар боюнча карыздарды эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методиканын негизинде жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202707/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202707/st-3)
